

4-февралда Кыргызстандын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Европа жана Борбордук Азияда туруктуу өнүгүү боюнча Дүйнөлүк банктын регионалдык директору Самех Нагиб Вахба менен жолугушуу өттү.
Ведомствонун маалыматына ылайык, Кыргызстандын Дүйнөлүк банк менен туруктуу өнүгүү тармагында стратегиялык кызматташуу жана өз ара аракеттешүүнү кеңейтүүнүн мүмкүн болгон жолдору талкууланды.
Аба сапатын жакшыртуу, климатка туруктуулукту жогорулатуу жана Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынган «Кыргызстанда абанын сапатын жакшыртуу» долбоорун ишке ашыруу маселелери көңүл борборунда болду. Ошондой эле Тоо күн тартибинде кызматташтыкты күчөтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Министр Медер Машиев Дүйнөлүк банктын климаттын өзгөрүшүнө адаптация, экологиялык коркунучтарды азайтуу жана заманбап экологиялык технологияларды киргизүү боюнча негизги улуттук программаларды ишке ашыруудагы колдоосунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле министрлик климаттык иш-аракеттер боюнча мыйзам долбоорун иштеп жатканын, ал өлкөнүн туруктуу жана төмөн көмүртектүү өнүгүүсүнө өтүү үчүн укуктук жана экономикалык механизмдерди түзүшү керек экенин билдирди.
Жолугушуунун аягында Самех Нагиб Вахба катышуучуларга жылуу кабыл алганы жана кызматташтык боюнча келечектеги кадамдарды натыйжалуу талкуулаганы үчүн ыраазычылык билдирди.