
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурдагы абал жана келечектеги өнөктөштүк, ошондой эле ишке ашырылып жаткан негизги долбоорлор, бюджеттик колдоо маселелери жана мыйзам чыгаруу чөйрөсүндөгү маанилүү реформаларды талкуулашты.
Касымалиев Дүйнөлүк банкка өлкөдөгү социалдык-экономикалык өзгөрүүлөргө активдүү катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан эл аралык финансылык институттун ишенимин жогору баалай турганын, мамлекеттик финансыларды башкарууда алдыңкы практикаларды киргизүүгө ачык диалогго даяр экенин белгиледи.
Ошондой эле, келерки жылга жана орто мөөнөттүү перспективага кызматташтык пландары талкууланды.
Наджи Бенхассин, өз кезегинде, өкмөттү жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, Кыргызстандын региондук деңгээлдеги экономикалык көрсөткүчтөрү «абдан таасирдүү» экенин баса белгиледи.
Ал фискалдык саясатты жакшыртуу боюнча аракеттерди жогору баалап, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар ыңгайлуу экономикалык чөйрөнү түзүүгө жардам берерин белгиледи.
«Устун экономикалык өсүш жаңы жумуш орундарын түзүүнү жана жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртууну билдирет. Дүйнөлүк банк жалпы кызыкчылыкка ээ болгон чөйрөлөрдө толук колдоо көрсөтүүгө даяр», — деп кошумчалады Бенхассин.