Проект Кыргызстан жана Казакстандагы журналисттер тарабынан ишке ашырылды. Фильмди түзүү идеясы Бишкектен Мунара Боромбаева жана Алматыдан Мадина Ашиловага таандык. Режиссураны эки автор да жүргүздү, ал эми редакторлук иштерди Анархан Алтымышова (Кыргызстан) жана Калимаш Бегалиева (Казакстан) аткарды.
Фильм эки өлкөнү тынчсыздандырган актуалдуу экологиялык маселелерди камтыйт жана Борбордук Азиядагы эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири — муздардын тез эриши жана анын калкка тийгизген кесепеттерин терең журналисттик изилдөө катары сунуштайт.
Сюжеттин борборунда изилдөөлөр жана статистика гана эмес, ошондой эле жеке окуялар:
— муздардын эриш процессинин тездетилишин байкап, аны каттап келген гляциолог-илимпоздордун үндөрү;
- — ири шаарлар үчүн сел коркунучун минималдаштыруу боюнча иштеген өзгөчө кырдаалдар адистеринин үндөрү;
- — 2015-жылы болгон кыйратуучу селди башынан өткөргөн Алматынын тургундары жана кургакчылыктан улам үйлөрүн жоготкон Кыргызстандык климаттык мигранттар сыяктуу жабыркагандардын үндөрү;
- — болуп жаткан себептерди талдап, өзгөрүүлөргө ылайыкташуу жана өз ара аракеттенүү жолдорун сунуштаган эксперттердин жана активисттердин үндөрү.
Фильм трансчектик экологиялык көйгөйлөрдүн суу жана азык-түлүк коопсуздугу, социалдык тең салмак, гендердик теңдик жана сапаттуу айлана-чөйрөгө болгон адам укуктары боюнча маселелерге кандай таасир этерин иллюстрациялайт.
Премьера талкуу үчүн платформа болуп кызмат кылды. Уюштуруучулар климаттык чакырыктарга жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында биргелешип аракеттенүүнүн зарылдыгына дипломаттардын, эл аралык уюмдардын, мамлекеттик структуралардын жана жарандык коомдун көңүлүн бурууну көздөшөт.
Фильмдин автору Мунара Боромбаева: «Биз муздардын эриши — бул абстракттуу жана алыста турган нерсе эмес, бүгүнкү күндө регион үчүн реалдуу коркунуч экенин көрсөтүүнү кааладык. Фильм муздардын кыскарышы, өзгөчө кырдаалдар, климаттык миграция жана кургакчылык арасындагы байланыштарды көрсөтөт. Биз көйгөйлөрдү гана эмес, ошондой эле мүмкүн болгон чечимдерди жана климаттык өзгөрүүлөргө ылайыкташуу жолдорун талкуулайбыз» — деди.