
Жаңы мэр нааразы бизнесмендер менен жолугушуу өткөрдү
Алишер Навои атындагы паркта Ош шаарынын жаңы мэри Жанар Акаевдин соода павильондорунун бузулушуна нааразы болгон ишкерлер менен жолугушуусу өттү, деп билдирет шаардык мэрия.
Иш-чарада ошондой эле бузулган жерлерде жаңы объектилерди куруу менен алектенчү курулуш компанияларынын өкүлдөрү да болушту.
Переговорлордун жүрүшүндө Жанар Акаев шаардык бийликтин приоритети жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, бизнесмендердин укуктарын коргоо жана тартипти камсыздоо экенин белгилеп, мыйзам чегинде маселелерди чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Эске салсак, мурдагы мэр Женишбек Токторбаев соода павильондорун жана парктын эски дарактарын бузуу боюнча көрсөтмө берген, бул модернизациялоо жана эс алуу зоналарынын коопсуздугун жогорулатуу максатында жасалган.
Сүрөт www