
Жакында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен эл аралык Good Neighbors International уюмунун филиалы ортосундагы кызматташуу боюнча Меморандумдун алкагында атайын медициналык жабдууларды өткөрүп берүү салтанаты өттү. Жабдуулар Беловодск балдардын социалдык-стационардык мекемесине жана Сокулук майыптар үчүн реабилитациялык борборуна берилди, деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.
Бул иш-чарада Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева жана Good Neighbors International уюмунун Кыргызстандагы директору Чо Сунхенг катышты.
Берилген жабдуулардын арасында медициналык кушетка, жылжымалуу нурландыруучу, инструменттер үчүн столдор, электр кресло-арбалар, дары-дармек үчүн шкафтар, велотренажер, массаждык кресло, ДЦП менен жабыркаган балдар үчүн вертикализатор, стоматологиялык автоклав, ДЦПнын ар кандай формаларына ээ балдар үчүн ортопеддик стулья, ошондой эле ийне кескич жана башка көптөгөн жабдуулар бар.
Good Neighbors International уюмунун директору Чо Сунхенг салтанатта уюм майып адамдардын укуктарын коргоого жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоону уланта берерин белгиледи.
Фото министрликтин басма сөз кызматы