
Маанилүү жагдай, бул жаранга мурда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча коргоо ордерлери колдонулган. Бирок, бул чараларга карабастан, ал мыйзамсыз аракеттерин токтотпостон, аялына залакасын уланта берген.
Жыйналган далилдерге ылайык, шектүүнүн аракеттери мыйзам боюнча зомбулук катары квалификацияланат. Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгү «Зомбулук» боюнча кылмыш ишин козгоду.
Башкармалыктын кызматкерлери 1977-жылы төрөлгөн 46 жаштагы эр адамды тергөө кызматына алып барып, аны Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармашты жана Бишкек Шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына жайгаштырышты.
Учурда иш боюнча бардык зарыл тергөө аракеттери жана процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.