Учурда Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгында алдын ала текшерүү башталды. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында коргоо буйругу берилди. Милициянын өкүлдөрү, толук маалымат кийинчерээк берилерин, ал эми иштин жетекчилик тарабынан көзөмөлдө болуп жатканын белгилешти.
Эскерте кетсек, жакында социалдык тармактарда Асель Азаматова депутат Эльдар Сулаймановду сабап, психологиялык зомбулук көрсөтүүдө айыптап, укук коргоо органдарынын анын көптөгөн кайрылууларына жооп бербегенин белгилеген.

