
Жаңы өлчөмдөр Юпитердин экватордук радиусу 71 488 км экенин көрсөткөн, бул мурдагы баалоолордон 8 км аз, ал эми полярдык радиусу 69 886 км, бул 24 кмге аз. Бул жыйынтыктар 1970-жылдарда ишке киргизилген америкалык космос аппараттары «Пионер» жана «Вояджер» тарабынан жыйналган маалыматтарга негизделген мурдагы эсептөөлөрдөн айырмаланат.
Изилдөө ошондой эле планетадагы күчтүү атмосфералык шамалдардын таасирин эске алат, бул мурдагы анализдерде эске алынган эмес.
«Юнона» аппараты 2011-жылы ишке киргизилип, 2016-жылы Юпитердин орбитасына чыкты. Юпитердин келип чыгышын, эволюциясын, ички түзүлүшүн жана магнитосферасын изилдөөгө арналган миссия 2021-жылы аяктады. Андан кийин Юпитер системасын камтыган жаңы изилдөө этабы башталды. 2024-жылдын ноябрь айында зонд планетанын полюстарына биринчи жолу жакындап, уникалдуу сүрөттөрдү тартты.