
Ош облусунун Араван районунун Тоо-Моюн айылдык аймагындагы Сары-Таш айылында 200 гектар жерге жалпы кубаттуулугу 105 МВт болгон күн электр станциясы курулат.
Араван районундагы жумушчу сапарында Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев долбоор үчүн бөлүнгөн жер тилкеси менен таанышып, адистерден долбоордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат угуп чыкты.
Долбоор чет элдик инвестициялардын эсебинен каржыланат жана анын жалпы чыгымдары $65 миллионду түзөт.
Курулуш жазында башталат, биринчи этапта жалпы кубаттуулугу 15 МВттан ашык күн панелдерин орнотуу пландалууда. Курулуштун аякташы экинчи этапта, станциянын кубаттуулугу 105 МВтга жеткенде жана болжол менен 450 миң күн панелин орнотууда болот.
Бул долбоор жергиликтүү тургундар үчүн 35 туруктуу жумуш ордун түзөт. Облус башчысы инвесторлордун демилгесин колдоп, долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө убада берди.