
Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары күн энергия станцияларын куруу жана жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Ошондой эле энергетика тармагын цифрлаштырууга көңүл бурулду: компания инфраструктураны башкаруу үчүн атайын программалык камсыздоону иштеп чыкты. Натыйжада, Кыргыз Республикасының энергетика министрлигине аталган программалык комплекс үчүн керектүү кирүү ачкычтары жана логиндерди берүү боюнча макулдашууга жетишилди, бул мониторингдин ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет.
Энергетика министрлиги бул инициативалар «жашыл» экономикага өтүү жана өлкөнүн инвестициялык тартымдылыгын жогорулатуу үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи. Бул пландарды ишке ашыруу Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерин бекемдөөгө жана экологиялык таза транспортко өтүүнү тездетүүгө көмөктөшөт.