
Президентке караштуу Улуттук инвестиция агенттигинде "Бишкек шаарынын Западная объездная жолу" долбоорунун алкагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кызматташуу меморандуму түзүлдү. Агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, бул документ борбордогу транспорттук логистиканы жакшыртууга жана учурдагы жолдорду жүктөн чыгарууга багытталган маанилүү инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу үчүн арналган.
Меморандумга кол коюу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш министрлигинин, Бишкек шаардык мэриясынын, "Элдик Банк" ААКсынын, "Бат Жет" ЖЧКсынын, ошондой эле "China National Heavy Machinery Corporation (CHMC)" кытай компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Бул документтин негизги максаты бардык тараптардын аракеттерин координациялоо жана долбоорду ишке ашыруу процессинде натыйжалуу өз ара аракеттенүү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат. Кол коюу катышуучулары теңдик, өз ара пайдалуулук жана ачыктык принциптерине негизделген өнөктөштүктү өнүктүрүүгө болгон кызыгууларын билдиришти.
"Западная объездная дорога" долбоорун ишке ашыруу борбордун транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдө негизги кадам катары каралууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестиция тартуу үчүн стимул катары эсептелет.