
Генералдык план Бишкектин жакынкы 25 жылдагы өнүгүүсүн аныктаган стратегиялык документ болуп саналат. Бул документ инфраструктураны жакшыртуу, калкты камсыздоо жана борбордогу жашоо сапатын жогорулатуу менен байланышкан негизги аспектилерди камтыйт. Бул тууралуу ГУ «Бишкекглавархитектуранын» начальниги Медербек Кыдырмаев «Кабар» агенттигине берген интервьюсунда айтты.
Анын айтымында, мурунку генплан 2006-жылы кабыл алынган жана анын мөөнөтү 2025-жылдын декабрында аяктайт. Учурда Бишкек шаары жаңы генпланды түзүү боюнча негизги заказчы болуп саналат, жана мэрия анын жаңылануусун баштоону сунуштады.
Жаңы генпланды түзүү Санкт-Петербургдон келген илимий-изилдөө институту тарабынан жүргүзүлүүдө. 2024-2025-жылдары жүргүзүлгөн административдик-территориялык реформалардын натыйжасында Бишкектин аянты үч эсе кеңейди, шаарга жаңы калктуу конуштар жана турак жай массивдери киргизилди.
«Генплан боюнча иштер башталды, институт маанилүү аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүздү. Шаарда атайын веб-сайттар түзүлүп, жарандар арасында сурамжылоолор өткөрүлдү. Ошондой эле министрликке расмий суроолор жөнөтүлүп, алардын негизинде борбордун негизги көйгөйлөрүн аныктап, келечектеги генплан үчүн негизги багыттарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк болду», – деп кошумчалады Кыдырмаев.
Ал жаңы генпландын негизги милдеттеринин арасында жолдордогу тыгындарды чечүү, экологиялык абалды жакшыртуу, социалдык объектилердин жетишсиздигин жоюу жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү бар экенин баса белгиледи. Генералдык план шаардагы актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө шарт түзүү үчүн негиз болуп калат.