Анын суроосуна жооп берип, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы боюнча биринчи орун басары Жаныбек Керималиев өлкөнүн сүт азыктары менен өзүн чоң өлчөмдө камсыздап жатканын жана ошондой эле продукциянын бир бөлүгүн Казакстанга экспорттогонун билдирди.
Бул боюнча Абдибаева: "Биздин табигый сүт сатып алынып, экспорттолот, ал эми бизге пастеризацияланган сүт 110 сомго, анын ичинде Россиядан, киргизилет. Бул боюнча иштеш керек", - деп белгиледи.Вице-министр Казакстан сүттү сатып алууга кызыкдар эместигин, даяр продукцияны сатып алууну артык көрөрүн, ал пастеризацияланып, сактоо мөөнөтүн узартуу үчүн даярдалат деп кошумчалады.
Депутат нааразы болуп: "Бизде чыныгы сүт жок, болгону порошок. Биз, жарандар, порошоктуу продуктуну ичип жатабыз. Бул маселени чечүү үчүн комиссия түзүү керек. Эгер фермерлер Бишкекте дүкөн ачса, продукция тез эле сатылып кетет. Биз эмне жеп жаткандыгыбызды да билбейбиз. Ал эми биздин экологиялык жактан таза сүт экспортко кетип жатат", - деп нааразычылыгын билдирди.