
Замирбек Шакиров. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын сүрөтү.
Замирбек Мукушович 1972-жылдын 24-ноябрында төрөлүп, 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна кабыл алынган, аны 1996-жылы ийгиликтүү аяктаган.
Медициналык дипломду алган соң, 1996-1997-жылдары интернатурадан өтүп, анестезиология, реаниматология, хирургия жана медицинасынын башка тармактарында билимдерин өркүндөтүүнү уланткан.
Карьерасынын жүрүшүндө Шакиров ар кандай медициналык мекемелерде жетекчилик кызматтарды ээлеп, лидерлик сапаттарын жана кесипкөйлүгүн көрсөтүп келген.
2013-2017-жылдар аралыгында ал шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери болуп, энелер жана жаңы төрөлгөндөр үчүн коопсуздукту кыйла жогорулаткан, ошондой эле акушердик жардамдын сапатын жакшырткан. Облустук төрөт үйүнүн координатору катары региондогу акушер-гинекологиялык кызматты уюштуруу жана сапатын жакшыртуу боюнча активдүү иш алып барган. Соңку жылдарда "Грант ден соолук" жеке клиникасын жетектеп, жеке медициналык сектордун өнүгүшүнө жана инновациялык медициналык кызматтарды киргизүүгө көмөктөшкөн.
2012-жылдан тартып Замирбек Шакиров Ош мамлекеттик университетинин акушерство жана гинекология кафедрасында да сабак берген, келечектеги дарыгерлерди даярдоого салым кошкон. Анын илимий изилдөөлөрү өспүрүмдөрдүн жүктүүлүк маселелерине багытталган жана ал бир нече илимий публикациянын автору.
Некрологдо "Замирбек Мукушович өз кесибине берилген, бейтаптарга кам көрүп, кесиптештерине сый-урмат көрсөткөн. Анын көп жылдык эмгеги саламаттык сактоо жана коомдук ден соолукка чоң таасир этти. Үй-бүлө ичинде ал камкор ата, ишенимдүү күйөө жана жакындары үчүн таяныч болду. Анын элеси, адамгерчилиги, кесипкөйлүгү жана скромдолугун кесиптештеринин, бейтаптарынын жана студенттеринин жүрөгүндө түбөлүккө калат." деп белгиленген.
Саламаттык сактоо министрлиги жана медициналык коомчулук Замирбек Шакировдун үй-бүлөсүнө, кесиптештерине жана окуучуларына терең көңүл айтуу билдиришет.