Биринчи кадам — nomer.srs.kg сайтында жеке кабинет түзүү. Каттоо номер сатып алууга мүмкүнчүлүк берет, алар эки категорияга бөлүнөт:
- аукционсуз;
- аукциондук.
- минимум эки катышуучу болушу керек;
- ар бир катышуучу номердин баштапкы баасынан 10% төлөшү керек.
Эгер бул шарттар сакталбаса, аукцион өтпөйт.Аукциондун жеңүүчүсү үч күндүн ичинде акыркы бааны төлөөгө милдеттүү. Төлөм процессин аяктаган соң, номерди алуу үчүн "Унаа" филиалдарынын бирине кайрылышы керек.
Эгер жеңүүчү төлөмдү убагында жүргүзбөсө, сатып алуу мүмкүнчүлүгү аукциондун кийинки катышуучусуна өтөт.
Аукционду утпаган катышуучулар үчүн, катышуу үчүн төлөнгөн сумма 3-4 жума ичинде кайтарылып берилет. Бул үчүн жакынкы мамлекеттик борбордун кеңсесине барып, арыз жазышы керек.
"Унаа" дагы, ацензурдук лексика же мамлекеттик органдардын аббревиатуралары, мисалы, ВОР, OPG, VOR, ZEK, MVD, ZLO ж.б. сыяктуу номерлер тыюу салынганын белгилешти.