
Жаңы документте 2025-жылдын январь айына чейин АКШ глобалдык жана регионалдык коопсуздуктун начарлашына туш болорун, бул Кытайдын таасарынын күчөшү, союздаштык структуралардын алсырашуусу, батыш жарым шарындагы коркунучтар жана ири конфликттердин бир убакта пайда болуу тобокелдиктери менен байланыштуу экендиги айтылат. Жаңы стратегия коопсуздук боюнча негизги приоритеттерге ресурстарды бөлүүгө көңүл бурат.
Стратегиянын негизги аспекттери:
- АКШнын аймагын коргоо: чек араларды, аба жана деңиз мейкиндигин коргоону күчөтүү, ошондой эле ракеталык жана дронго каршы коргонуу системаларын өнүктүрүү. Ядролук каршылык, кибер коргоо жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча колдоо көрсөтүү пландаштырылууда. АКШнын Батыш жарым шарындагы кызыкчылыктарын коргоого, анын ичинде Панама каналына жана Гренландияга кепилдиктүү кирүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
- Кытайды Индо-Тынч океан регионунда кармоо: түздөн-түз кагылышууларсыз күчтөрдүн тең салмактуулугун түзүү, Биринчи аралдык чынжыр бойлой коргонууну күчөтүү, Кытай менен эскалацияны алдын алуу үчүн аскердик байланыштарды өнүктүрүү жана регионалдык өнөктөштөр менен активдүү кызматташуу.
- Союдаштар арасында милдеттерди кайра бөлүштүрүү: союздаштар жана өнөктөштөр өз коопсуздугун камсыз кылууда активдүү милдеттерди өзүнө алышы керек. Коргоо чыгымдарынын деңгээли ИДПнын 5% түзөт (анын ичинен 3,5% аскердик чыгымдар, 1,5% коопсуздук үчүн).
- Коргоо өнөр жайын бекемдөө: Америкада коргоо өндүрүшүн калыбына келтирүү жана кеңейтүүгө, жаңы технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти киргизүүгө, ошондой эле жөнгө салуучу тоскоолдуктарды жоюп, союздаштардын өнөр жайы менен кызматташууга көңүл бурулат.
Пентагондо бул стратегияны ишке ашыруу ири конфликттердин болушу мүмкүнчүлүгүн азайтып, АКШ жана алардын өнөктөштөрү үчүн узак мөөнөттүү коопсуздукту камсыз кыларын баса белгилешет.