
ТМУнун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, иш-чарага катышкан өлкөлөрдүн делегаттары экономикалык кызматташтыкты бекемдөө, соода мамилелерин тереңдетүү жана түрк аймагында туруктуу жана инклюзивдүү өсүүнү колдоо максатында чогулушту.
ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев жолугушуу учурунда региондогу экономикалык өсүүнүн таң калыштуу темптерин белгиледи. Ал 2025-жылы орто эсеп менен 6,86% өсүү күтүлүп жатканын, бул дүйнөлүк орто көрсөткүчтөн эки эсе жогору экенин билдирди. Муну менен катар, Омуралиев катышуучу мамлекеттер ортосунда өз ара сооданын көлөмүн жогорулатуу боюнча аракеттерди активдештирүүгө чакырды.
Кеңешүүлөр учурунда делегаттар регионалдык жана глобалдык деңгээлдеги учурдагы экономикалык тренддер боюнча пикир алышышты. Ошондой эле ТМУнун алкагында өз ара сооданы жогорулатуу, инвестициялык климатты жакшыртуу жана транспорттук жана логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча конкреттүү кадамдар каралды. Жолугушууга катышуучулар соода тоскоолдуктарын азайтуу, кичи жана орто бизнести колдоо жана чегара аралык сооданы жөнөкөйлөтүү үчүн макулдашылган аракеттердин зарылдыгына көңүл бурушту.

Делегациялар ТМУнун алкагында экономикалык интеграцияны тереңдетүүгө болгон чечкиндүүлүгүн билдиришти жана жалпы приоритеттерди практикалык ишке ашыруу үчүн тиешелүү механизмдер аркылуу мындан аркы кызматташуу боюнча макулдашышты.
Отурумдун жыйынтыгы менен соода тармагында өз ара түшүнүшүү меморандуму, бир нече стратегиялык документтер, анын ичинде экономика, соода, инвестициялар жана финансылар боюнча кызматташтыкка арналган жол картасы, ошондой эле ТМУ Trade Nexus форумунун концепциясы кабыл алынды.