
Мамлекеттин бюджетине 1 миллиард 176 миллион доллардан ашык киреше түштү
Президент Садыр Жапаровдун республикалык жыйында билдирген маалыматына ылайык, «Кумтордун» ишмердүүлүгүнөн 2021-жылдан 2025-жылга чейин жалпы киреше 5 миллиард 115 миллион долларды түзөт.
Президент «Кумтордун» мамлекеттик менчикке кайтарылышы Кыргызстандын экономикалык көз карандысыздыгын бекемдөөнүн маанилүү кадамы экенин белгиледи.
Анын айтымында, мамлекеттин бюджетине 1 миллиард 176 миллион доллардан ашык сумма салык кирешелери жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө түштү. Соңку төрт жылда мамлекет 441 миллион доллар дивиденд алган, бул 38 миллиард сомдон ашык суммага барабар.
Садыр Жапаров 1994-жылдан 2021-жылга чейин Кыргызстан «Кумтордон» болгону 100 миллион доллардай дивиденд алганын белгиледи.
«Мурда «Кумтордон» 410 тонна алтын чыгарылган, анын ичинен болгону 1 тоннасы биздин өлкөгө пайда алып келген. Эми болсо «Кумтор» бюджет үчүн социалдык программаларды жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого колдонулган ишенимдүү киреше булагына айланды», - деп кошумчалады президент.