29-январда вице-мэр Виктория Мозгачева маданият башкармалыгынын начальниги Урмат Белекбаев менен жаңы репетиция залында болду.

"Бүгүнкү күндө репетиция залы мэриянын бир нече музыкалык топтору үчүн маанилүү чыгармачылык аянтчага айланды. Бул жерде чоң симфониялык оркестр, үрмө аспаптар оркестри жана элдик аспаптар оркестри үзгүлтүксүз машыгат", - деп билдирилди мэриянын маалымат жыйынында.
Оркестрлер белгиленген репетиция графигин карманышат, бул аларга системалуу түрдө өнүгүүгө жана жаңы концерттик программаларды даярдоого мүмкүнчүлүк берет. Мурда музыканттар репетициялар үчүн жайларды ижарага алууга мажбур болушкан, эми алар үчүн шаардык маданияттын өнүгүшүнө жардам берүүчү ыңгайлуу шарттар түзүлдү", - деп кошумчалашты муниципалитетте.


2023-жылы мэрия "Дубровский" ресторанынын имаратын бузууну пландаштырган, бирок анын ээси аны муниципалдык менчикке өткөрүүгө чечим кабыл алган. Имарат 48,5 млн сомго бааланган.
Тараптардын кол койгон келишими натыйжасында мэрияга болжол менен 500 кв. м аянты бар ресторан имараты өткөрүлдү, ошондой эле мурда ижарага алынган 0,37 га жер тилкеси кайтарылды. Өз кезегинде, муниципалитет ижарачыларга башка жер тилкесин берүүгө убада берди.