
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп жаткан Каныбек Досмамбетов Москвада 60тан ашык кыргызстандык медицина кызматкерлери менен жолугушту. Жолугушуунун негизги темасы адистердин мекенине кайтып келиши жана алардын кесиптик ишмердүүлүгү үчүн зарыл шарттарды түзүү болду.
Кыргызстандын Элчилигинде уюштурулган жолугушууда министр саламаттык сактоо тармагындагы учурдагы реформалар тууралуу маалымат берди. Ал медициналык мекемелерди модернизациялоонун, айлык акыны жогорулатуунун, инфраструктураны жакшыртуунун жана эмгек шарттарын оңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык колдоо, кесиптик өсүү жана жаш адистер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерине басым жасалды.
Медициналык кызматкерлер чет өлкөдөгү иш тажрыйбалары менен бөлүшүп, Кыргызстандагы жумушка орношуу, адаптация жана карьера мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маселелерди талкуулашты. Жолугушуунун натыйжасында бир нече жаш дарыгерлер кайтып келүү жана өз карьераларын өлкөнүн саламаттык сактоо системасында улантуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга кызыктар экендиктерин билдиришти.
Саламаттык сактоо министри мамлекеттин квалификациялуу кадрларды кайтарууга кызыкдар экенин жана алардын иши жана жашоосу үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү үчүн бардык колдоону көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.