
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар тарыхты жазуу, окуу китептеринин мазмуну, 1916-жылдагы окуялар (Уркун) жана Панфиловдук дивизиянын салымы сыяктуу маанилүү аспекттерди талкуулашты. Кыргыз-орус мамилелери боюнча суроолорго өзгөчө көңүл бурушту.
«Биз аздап талашып, пикир алмаштык. Келечекте талкууну улантабыз», — деп белгиледи Арслан Койчиев.


Мамлекеттик катчы ошондой эле мурда кол коюлган меморандумдун негизинде макулдашылган төрт кызматташтык багыттары тууралуу маалымдады:
- Кыргызстандык илимпоздор үчүн орус архивдеринде иштөө шарттарын түзүү;
- 1916-жылдагы окуяларга арналган эл аралык конференция уюштуруу;
- Окуу материалдары боюнча пикир алмашууну басымсыз жүргүзүү;
- Кыргызстандын салымын эске алуу менен Панфиловдук дивизия тууралуу изилдөөлөрдү улантуу.
Владимир Мединскийдин командасы Ысык-Көл форумуна катышууга чакырылды.
Маалымат
Владимир Мединский, 55 жашта, тарых илимдеринин доктору.
- 2003-2011-жылдары — РФнын Мамлекеттик Думасынын депутаты.
- 2012-2020-жылдары — Россиянын маданият министри.
- 2020-жылдан бери — Россия Федерациясынын президентинин жардамчысы.
Ал Украинадагы конфликтти жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдө орус делегациясын жетектеген.
Тарых боюнча бир нече китептердин автору, анын ичинде «Россия тууралуу мифтер» сериясы.
Мединский ошондой эле Орус аскер-тарыхый коомунун жана тарыхый билим берүү боюнча комиссиянын жетекчиси болуп, тарыхый саясат жана окуу китептеринин мазмуну боюнча суроолорго жооп берет.
Анын Экинчи дүйнөлүк согушту интерпретациялоо жана Россиянын дүйнөлүк тарыхтагы ролу боюнча коомдук билдирүүлөрү ар кандай пикирлерди жаратат: кээ бирлери аны патриоттук тарыхты популяризатор катары көрүшсө, башкалары мамлекеттик саясаттын идеологу катары карашат.