Курулуш министри Нурдан Орунтаев кабинет башчысына долбоордун прогресси тууралуу маалымат берди.
«Долбоордун курулуш ылдамдыгы жогору. Имараттын негизги каркасы төрт жумушчу күндүн ичинде (фундамент иштерин эсепке албаганда) орнотулду. Бул 24 ири заводдук темир-бетон блокторун колдонуу менен мүмкүн болду, бул курулуш мөөнөттөрүн кыйла кыскартты. Модулдук система сейсмикалык талаптарды эске алуу менен иштелип чыккан, бул конструкциянын ишенимдүүлүгүн камсыз кылат. Колдонулган методология мамлекеттик объекттерди тез жана сапаттуу курууга мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.

Курулуш Боконбаев көчөсүндө ири темир-бетон блокторунан индустриалдык модулдук технологияны колдонуу менен жүргүзүлүүдө.
«Имараттын жалпы аянты 797,86 квадрат метрди түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын 28-ноябрында башталган, ал эми аяктоо 2026-жылдын май айына пландалууда. Азыркы учурда ички жасалгалоо иштеринин жүргүзүлүп жатканы айтылды», — деп кошумчалашты Министрликтен.