Бул келишим Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы, ошондой эле Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкы арасында кол коюлган.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы боюнча орун басар министр билдиргендей, бул долбоордун алкагында Кыргызстан 30 миллион доллар насыя жана кошумча 1,79 миллион доллар грант алат.
Насыялык каражаттар 50 жылдык мөөнөт менен 10 жылдык жеңилдик мезгили жана пайызсыз берилет. Насыяны төлөө үчүн акыркы мөөнөт 2074-жылдын 15-декабрына белгиленген.
Анын айтымында, долбоордун биринчи фазасы үч негизги багытты камтыйт.
- Зооноздук инфекциялар менен күрөшүү: бул жаныбарлардагы оорулардын мониторингин күчөтүү, эффективдүү диагностикалык жана дарылоо ыкмаларын иштеп чыгуу, ошондой эле жаныбарлардан адамдарга инфекцияларды өткөрүү коркунучтары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу.
- Антибиотиктерге туруктуулукту алдын алуу: бул жерде ветеринарияда жана медицинада антибиотиктерди рационалдуу колдонууга, альтернативдүү дарылоо ыкмаларын өнүктүрүүгө жана антибиотиктерге туруктуу бактериялардын жайылышын алдын алууга басым жасалат.
- Азык-түлүктүн коопсуздугун камсыздоо: бул багыт азык-түлүк өндүрүү жана кайра иштетүү процессинин бардык этаптарында санитардык шарттарды жакшыртууну, ошондой эле продукциянын сапатына көзөмөлдү күчөтүүнү камтыйт.