
Сүрөт иллюстративдик
Даярдалган өкмөттүн токтому боюнча долбоорго ылайык, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирүү жана чыгуу эрежелерин жана шарттарын тестирлөө экспериментин 2027-жылдын аягына чейин узартуу пландалууда.
Учурда эксперименттин экинчи этабы жүргүзүлүүдө, анын алкагында чет өлкөлүк жарандар Россияга кирүү үчүн электрондук арыздарды мобилдик тиркеме аркылуу берүүгө мүмкүнчүлүк алышууда.
Долбоорго ылайык, 2026-жылдын 1-июлунан баштап, Россия Федерациясына эмгек иши же окуу үчүн визасыз кирүүнү каалаган чет өлкөлүк жарандар тиешелүү арызды толтуруп, берүү милдетин алышат.
Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү аталган милдеттин киргизилиши чет өлкөлүк жарандардын санарип профилин түзүүгө жардам берерин белгилешти. Бул, өз кезегинде, мигранттар үчүн бардык кызматтарды санарип форматка өткөрүүгө мүмкүндүк берет — Россияга кирүүдөн өлкөдөн чыгууга чейин.
RuID — бул Россияда болушу пландалган же азыркы учурда Россиянын аймагында турган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн түзүлгөн мобилдик тиркеме. Анын жардамы менен кирүү үчүн арыз жиберүүгө, чектөөлөрдү текшерүүгө жана мамлекеттик кызматтарга кирүү үчүн санарип профилди түзүүгө болот. Тиркеме RuStore, Google Play, App Gallery жана App Store'дон жүктөп алууга жеткиликтүү.