"Англияга жумушка чыгууга жардам берүүгө убада берген". Алдамчылыкка шектүү кармалды

Ирина Орлонская Окуялар
VK X OK WhatsApp Telegram
Бишкекте алдамчылыкка шектелген адам кармалды. Ленин районунун Ички иштер башкармалыгы бул окуя тууралуу маалымат берди.

Милициянын маалыматына ылайык, башкармалыкка Д. А. аттуу жаран кайрылып, С. Ж. тарабынан алдамчылык аракеттери тууралуу билдирген. 2025-жылдын 20-июлунда Киев жана К. Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафелердин биринде шектүү, ишке орношууга жардам берүүгө убада берип, Д. А.дан 60 миң сом алган. Бирок акчаны алган соң, өз милдеттерин аткарган эмес.

Ленин районунун Ички иштер башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси "Алдамчылык" боюнча кылмыш ишин козгоду.

Милиция кызматкерлери ыкчам иш-чараларды өткөрүп, 2002-жылы туулган С. Ж.ны кармашты. Шектүү тергөө бөлүмүнө жеткирилди жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.

"Обещал помочь с выездом на работу в Англию". Задержан подозреваемый в мошенничестве

Шектүү.
Ички иштер башкармалыгы ошондой эле учурда кармалган адамдын 20дан ашык окшош кылмыштарга тиешеси текшерилип жатканын билдирди. Тергөө уланууда.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: