
Уюмдун билдирүүсүнө ылайык, 5-марттан 8-мартка чейин эч кандай матчтар өткөрүлбөйт. Мунун себеби AFA тарабынан салык төлөбөй жатканы боюнча ARCA тарабынан коюлган айыптоолор болуп саналат.
AFA болсо, бардык милдеттенмелерин аткарып, карыздарын төлөгөнүн, бул сотто айтылганын билдирет. Бирок ARCA учурда бул карызды өндүрүп ала албай турганын билдирүүдө.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын мартынан бери Аргентина футбол ассоциациясын 58 жаштагы Клаудио Тапия жетектеп келет. Мурда аны социалдык төлөмдөрдү 13 миллион долларга жакын төлөбөй жатканы үчүн айыпташкан.