
Сабуров концертте Россияга кирүүгө тыюу салынган теманы четтеп өтпөдү. «Мен көпчүлүктүн бул жерге шуткалар үчүн гана эмес, кылмышкерди көрүү үчүн келгенин түшүнөм. Даже у Зеленского нет такого запрета, 50 лет. Мен эмне, Дракулабы?» — деди комик Собчакка. Мындан тышкары, ал келечектеги чыгыштары патриоттук маанайда болорун, андыктан ал Владимир Соловьев сыяктуу чет өлкөлүк агент болуп калышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Baza маалыматтарына ылайык, эки миң көрүүчүнү кабыл ала турган зал толугу менен толгон, ал эми билеттин баасы алты миңден жыйырма миң рублга чейин өзгөрүп турган.
Нурлан Сабуров — Россиядагы эң белгилүү стендап-комиктердин бири жана популярдуу YouTube-шоусу «Что было дальше?» программасын алып баруучу. Ал Казакстандын жараны. Февраль айынын башында Россияга кирүүгө 50 жылдык тыюу салынды, анын себептери белгисиз бойдон калууда. Бул анын ФСБ менен кызматташуудан баш тартуусу менен байланыштуу болушу мүмкүн.