
Кыргызстандын борборунда өткөн Б5+1 бизнес-форумунда экономика жана соода министри Бакыт Садыков бизнестин экономикалык реформалардын ажырагыс бөлүгү катары маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал бизнес процесстердин катышуучусу гана эмес, ошол эле учурда алардын автору катары каралышы керек экенин айтты.
Ортолук Азия жана АКШнын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө кайрылып, министр Б5+1 форматы регионалдык кызматташтыктын жаңы этабын билдирерин белгиледи. Анын айтымында, бизнес өзгөрүүлөрдүн маанилүү кыймылдаткычы болуп, өкмөттөргө жана эл аралык өнөктөштөргө түздөн-түз өз сунуштарын киргизүү мүмкүнчүлүгүн алууда.
Садыков форумдун Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниси бар үч негизги аспектин белгиледи. Биринчиден, логистика, соода жана энергетика сыяктуу тармактарда регионалдык кызматташтыкты күчөтүү, бул координацияланган аракеттерди талап кылат. Экинчиден, ал административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча бизнесинин демилгелеринин өлкөдөгү учурдагы реформаларга толук ылайык келерин белгиледи. Үчүнчөдөн, эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүү, АКШнын катышуусу инвесторлордун ишенимин арттырууга жана жаңы технологияларга жетүүнү камсыз кылат.
Акырында Бакыт Садыков форумдун негизги билдирүүсү ачык экенин айтты: Ортолук Азия — кызматташтыкка, реформаларга жана эл аралык бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө ачык регион.