
Шаардык администрация коомдук транспорт түнкү бирге чейин иштээрин билдирди
Бишкекте жаңы коомдук транспорттун түрү — түнкү автобустар, атайын тариф менен иштеши мүмкүн. Бул тууралуу Транспорт жана жол транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев шаар тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.
Коомдук транспорттун эмнеге ушунча эрте токтогону тууралуу суроого, кызматкер автобустун айдоочуларынын көпчүлүгү түнкү бирге чейин иштээрин, бирок кээ бирлери өз маршруттарын эрте аякташы мүмкүн экенин белгиледи.
Анткен менен, Бейшенбаев түнкү рейстерди атайын тарифтер менен ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн изилдей турганын убада кылды.
Ошондой эле, Уланбек Бейшенбаев мурда Бишкектеги автобус маршруттар тармагын "оптимизациялоо" тууралуу жарыялаганын, бул жүргүнчүлөрдүн акыркы багыттарына жетүүсү үчүн өткөрмөлөрдүн көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн экенин белгилөө керек.
Сүрөт www