Бул катта Кыргызстандагы сүрөтчүлөр союзунун 90 жылдык узун тарыхы бар экендиги баса белгиленет. Сүрөтчүлөр үйү деп белгилүү болгон имарат, өлкөнүн маданий мурасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Ал көп жылдар бою кыргыз сүрөт искусствосунун өнүгүү борбору, көргөзмөлөр жана маданий иш-чаралар үчүн жай болуп кызмат кылып келет.
Союзду башкарган белгилүү инсандар арасында С. Чуйков, Г. Айтиев, С. Чокморов, Т. Садыков жана Ж. Кадыралиев сыяктуу көрүнүктүү ишмерлер болгон.
"Имарат 1950-жылдарда Кыргыз ССР өкмөтүнүн демилгеси менен курулган жана бүгүнкү күндө биздин коомдук уюмдун балансында, республикалык маанидеги архитектуралык эстелик статусуна ээ. Декадалар бою ал кыргыз искусствосунун борбору болуп келген жана бүгүнкү күндө өлкөнүн профессионал сүрөтчүлөрү үчүн чыгармачыл мейкиндиги, көргөзмөлөр жана маданий окуялар үчүн жай болуп калууда", - деп айтылат кайрылууда.
Бүгүнкү күндө бул имараттын тагдырына байланыштуу маселелер чыгармачыл чөйрөдө гана эмес, кеңири маданий коомчулукта да олуттуу тынчсызданууну жаратат.Чыгармачыл жамаат, имараттын менчик формасында же дайындалуусундагы кандайдыр бир өзгөртүү, ал тургай анын бузулушу улуттук маданиятка, тарыхый эстеликке жана келечектеги муундардын руханий тарбиясына олуттуу зыян келтириши мүмкүн экенин баса белгилейт, айрыкча бул имарат борбордун архитектуралык кооздугу болуп саналат деп эсептегенде.
Ошондуктан сүрөтчүлөр союзу мамлекет башчысына кайрылып, төмөнкүдөй өтүнүчтөрдү билдирет:
- Сүрөтчүлөр үйүн сактоону колдоо;
- Ага мамлекеттик коргоо астындагы маданий мурас объектиси статусун берүү;
- Сүрөтчүлөр союзунун мыйзамдуу жана үзгүлтүксүз ишмердүүлүгү үчүн шарттарды түзүү.
Маалыматка ылайык, жакында Бишкек мэриясы Сүрөтчүлөр үйү жайгашкан жерди КР президентинин иш башкармалыгына өткөрүп берүүнү пландап жаткандыгы белгилүү болду. Сүрөтчүлөр жер участогун пайдалануу укугу боюнча келишимдин жокко чыгарылары жана аларда Сүрөтчүлөр үйү болбой калары тууралуу социалдык тармактардан маалым болушкан.