
Рейддин максаты интимдик кызматтарды көрсөтүп жаткан адамдарды аныктоо жана коомдук коопсуздукту жогорулатуу болду.


Өткөрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 109-2-беренеси боюнча үч административдик протокол түзүлдү, ошондой эле профилактикалык түшүндүрмөлөр берилди.
Мыйзамга ылайык, жезөкчүлүк менен алектенүү 200 эсептик көрсөткүч (20 миң сом) өлчөмүндө айып пул салууга же үчтөн жети күнгө чейин административдик камакка алууга алып келиши мүмкүн.
Мэрия мындай рейддер түнкү убакта, саат 20.00дөн 00.00гө чейин улантыларын белгиледи. Бийлик жана укук коргоо органдары притондардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана токтотуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүнү пландаштырууда.