
2028-жылдан тартып Эл аралык Олимпиада комитети (МОК) аялдар арасындагы мелдештерге катышуу үчүн жынысын генетикалык тест аркылуу тастыктаган спортчулар гана катыша аларын жарыялады.
МОКтун төрайымы Кирсти Ковентри: «Мурдагы спортчу катары мен ар бир олимпиадчынын адилеттүү атаандаштыкка укугуна ишенем. Биздин саясат илимий маалыматтарга негизделген жана медициналык адистердин катышуусунда иштелип чыккан. Олимпиада оюндарында эң кичинекей айырмачылыктар да жеңишке же жеңилиске алып келиши мүмкүн. Биологиялык эркектердин аялдар категориясында атаандашышы адилетсиз, жана кээде бул коопсуз болбой калышы мүмкүн» - деп белгиледи.
Эми аялдар категориясында катышууну каалагандар SRY (Sex-determining Region Y) генинин тестинен өтүшү керек, бул ген адатта Y-хромосомасында орун алат жана эркек жынысынын өнүгүшүнө жооп берет. Тест, адатта, щек ичинен тампон алуу жолу менен жүргүзүлөт.
МОК: «Илиймий маалыматтарга таянып, SRY генинин болушу өмүр бою сакталат жана спортчунун эркек типинде өнүккөнүн ишенимдүү тастыктоонун бир жолу болуп саналат» - деп билдирди.
BBC Sports маалымдагандай, мурун МОК трансгендер спортчулардын катышуусун ар кандай спорт түрлөрүнүн федерацияларынын карамагына калтырган.
2023-жылдын мартында Эл аралык жеңил атлетика федерациясы (World Athletics) трансгендер аялдардын негизги аялдар мелдештерине катышуусун тыюу салды, эгерде алар эркек жыныстык жетилүү учурунда өтүшсө. Мурда мындай спортчулар тестостерондун деңгээли 2,5 наномоль литрден төмөн болуп турган учурда мелдештерге катыша алышкан. 2025-жылдын сентябрынан тартып аялдар мелдештерине катышуучулар үчүн генетикалык тестирлөө милдеттүү түрдө киргизилет.