



Бүгүн Төтөнчө кырдаалдар министрлигине караштуу Орман кызматы 116 бирдик техниканын ичинен 20 трактор алды. Бул тууралуу Орман кызматынын директору Мураталы Тагаев «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Тагаевдин айтымында, жаңы тракторлор орман кызматынын иши боюнча ар кандай чарбалык иштерде колдонулат.
«Республикалык бюджеттен бөлүнгөн атайын каражаттар менен 20 трактор сатып алдык. Алардын негизги артыкчылыгы — запчасть табууда кыйынчылыктар болбойт. Бул машиналар дизель отунунун сапатына талап койбойт жана ар кандай жабдуулар менен колдонууга болот, бул аларды талаа шарттарына ылайыкташтырат. Биздин материалдык-техникалык базабыз толук камсыздалган деп эсептелбейт, анткени колдонулган техниканын көпчүлүгү Союз убагында чыгарылган жана эскирген. Азыр биз колдонууга жараксыз техниканы чыгаруу үчүн документтерди даярдап жатабыз, ал фактически металлга айланып калган», — деди ал.
2025-жылы кызмат өз каражаты менен JAC T8 маркасындагы 30 атайын унааны сатып алып, аларды өлкөнүн бардык орман чарбаларына бөлүштүргөнүн кошумчалай кетүү керек.
«Биздин максатыбыз Орман кызматынын материалдык-техникалык базасын толук жаңылоого жетишүү. «Желмаян» техникасы теплицаларда иштөө үчүн абдан ыңгайлуу экенин көрсөттү. Мындан мурда 20 мотоцикл жана 20 «Желмаян» техникасын да алдык. Жалпысынан республиканын аймагында 280 техника бар, анын 60 пайыздан көбү Союз убагында калган эски техника. Мындан тышкары, биз дрон сатып алуу менен да алектенүүдөбүз», — деди Тагаев.
Тагаевдин маалыматына ылайык, ормандар Кыргызстан аймагынын 6,4 пайызын ээлейт, бул болжол менен 900 миң гектарды түзөт. Учурда 2,5 миллионго жакын адам ормандар менен түздөн-түз байланыштуу ишмердүүлүк жүргүзөт.