
Сапар учурунда ал пункттун кызматкерлери менен сүйлөшүп, Өзбекстандан зарыл сертификаттар жана коштоочу документтерсиз көчөттөрдүн контрабандалык киргизилишин алдын алуунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Бул иштин негизги максаты фитосанитардык нормаларды сактоо жана мыйзамсыз жүгүртүүнү жок кылуу.
Ошондой эле Мамыров Арпасай айылындагы көчөттөрдү өстүрүү менен алектенген бакчачылар менен жолугушту. Жыйында мыйзамсыз жүгүртүүнү токтотуу боюнча чаралар жана бакчачыларды уюштуруу үчүн бирдиктүү кооператив түзүү зарылдыгы талкууланды.
Жолугушуунун катышуучуларына мамлекет тарабынан берилген жеңилдетилген кредиттер, айыл чарба техникаларын лизингге алуу тартиби жана өндүрүлгөн көчөттөр үчүн сертификаттарды алуу тартиби түшүндүрүлдү. Ошондой эле өндүрүштү өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү боюнча «30+20+10» долбоорунун алкагында колдоо чаралары каралды.
Абдумалик Мамыров жыйында фитосанитардык коопсуздук өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу үчүн маанилүү экенин белгилеп, мыйзамдын катуу сакталуусун, контрабанданы жок кылууну жана сертификатталбаган көчөттөрдүн жүгүртүүсүн толугу менен токтотууну чакырды. Мамыров, мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы натыйжалуу күрөш мамлекеттик көзөмөл органдарынын бакчачылар жана фермерлер менен тыгыз кызматташтыгы аркылуу гана мүмкүн экенин айтты.
Жыйналыштын жыйынтыгы боюнча мыйзамдарды сактоо, сапаттуу сертификатталган көчөттөрдүн өндүрүшүн өнүктүрүү жана мамлекеттик программаларга активдүү катышуу бакчачылар жана фермерлер үчүн негизги приоритеттер болушу керектиги белгиленди.