Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Россия командасы менен ойногусу келет

Юлия Воробьева Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Россия командасы менен ойногусу келет
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Россия командасы менен Бишкекте матч уюштурууну каалап жатат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун улуттук курама командаларынын менеджери Азат Мурзашев Sport24 сайтына берген маегинде билдирди.

Сүрөт: ЖМК. Россия курама командасы

«Биз Россия менен матч өткөрүү боюнча сунуштарды карап чыгууну даярбыз. Учурда эч ким биз менен оюндар боюнча байланышкан жок. Биз бул жылы, мүмкүн, июнь айында алар менен жолугушуу өткөрө алабыз деп үмүттөнөбүз, анткени Бишкектеги үй стадионунда ойногубуз келет», — деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын февралында Россия курама командасы, анын ичинде жаштар курамы, Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) жана Европалык футбол ассоциациялары союзу (УЕФА) тарабынан турнирлерге катышуудан четтетилген. Бул себептен россиялык клубдар Чемпиондор Лигасы, Европа Лигасы жана Конференциялар Лигасында катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады, натыйжада азыр Россия курама командасы болгону достук матчтарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алууда.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: