
Гутерриш өз билдирүүсүндө БУУнун финансылык ликвиддүүлүгү кескин начарлаганын, бул уюмдун негизги программаларын жана милдеттенмелерин аткарууга коркунуч туудуруп жатканын белгиледи.
Баш катчынын айтымында, 2025-жылдын аягына чейин уюм төлөнбөгөн милдеттүү төлөмдөрдүн мисалсыз деңгээлине туш болот. БУУнун пайдаланылбаган каражаттарды катышуучу өлкөлөргө кайтаруу боюнча учурдагы бюджеттик эрежеси «парадоксалдуу абалды» жаратууда, анткени уюм алган эмес акчаларын кайтарууга мажбур.
Гутерриш кризис тереңдей берерин эскертип, эгер мамлекеттер финансылык милдеттенмелерин убагында жана толук аткарбаса же БУУнун бюджеттик эрежелеринде өзгөртүүлөр болбосо, 2026-жылдын июлунда уюм акча ресурстарын түгөнтүп коюшу мүмкүн экенин айтты.
Катта ошондой эле, эң ири төлөмчүлөрдүн бири болгон Америка Кошмо Штаттары милдеттүү жана ыктыярдуу төлөмдөрдү кескин кыскартып, бул БУУнун финансылык абалына терс таасирин тийгизгенин белгиленет. Бирок конкреттүү карыздар өлкөлөр аталган жок.
Баш катчы мамлекеттерди финансылык милдеттенмелерин аткарууга же бюджеттик эрежелерди реформалоого макулдашууга чакырды, бул БУУнун тынчтык операциялары, гуманитардык жардам жана өнүктүрүү сыяктуу негизги тармактардын ишине олуттуу кесепеттерден качууга жардам берет.