Бул системалар азыркы учурда саламаттык сактоо, логистика, финансылык жана мамлекеттик башкаруу сыяктуу тармактарда активдүү киргизилип, жумуш процессине интеграцияланып, бири-бири менен өз ара аракеттенүүдө. Бирок, ИИнин автономдуулугу арткан сайын, адамдык көзөмөлгө болгон муктаждык өсүүдө, деп белгилешет отчеттун авторлору.
ИИнин колдонуу тармактары
Отчетто ИИ негизги секторлордо байкалаарлык натыйжаларды көрсөтүп жаткандыгы белгиленет.- Билим берүү тармагында адаптивдүү системалар ар бир окуучуга ылайыкташтырылган окуу материалдарын даярдашат, ал эми мугалимдердин жетишсиздиги бар аймактарда санариптик инструменттер сапаттуу билимге жетүүнү кеңейтүүгө жардам берет.
- Медицинада ИИ оорулардын эрте диагнозун жакшыртат, жыйынтыктардын тактыгын жогорулатат жана жаңы дары-дармектерди иштеп чыгуу процессин тездетет, ал эми виртуалдык жардамчылар алыстагы аймактарда медициналык кызматтарга жетүүнү камсыздайт.
- Климаттык тармакта жасалма интеллект экологиялык өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөп, энергетикалык системаларды оптималдаштырууда жана мүмкүн болгон экстремалдуу аба ырайы шарттары тууралуу эскертүү берет, бул өлкөлөрдүн климаттык тобокелдиктерге адаптациясына жардам берет.
- Шаардык башкарууда ИИ транспорт системаларын оптималдаштырууга, кырсыкка жооп берүүгө жана инфраструктуралык чечимдерди натыйжалуу моделдөөгө жардам берет.
- Агрономияда так технологиялар ресурстарды рационалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берип, фермерлерге климаттык чакырыктар жана рыноктук белгисиздик менен күрөшүүгө жардам берет.
Рискдердин өсүшү
ИИнин мүмкүнчүлүктөрүнүн өсүшү менен жаңы рискдер да пайда болууда. Дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматы боюнча, 2030-жылга чейин эмгек рыногунун трансформациясы болжол менен 91 миллион жумуш ордун таасир этет, ал эми 170 миллион жаңы позициянын түзүлүшү күтүлүүдө, бул 79 миллион таза өсүшкө алып келет.Экологиялык кесепеттер күндөн-күнгө айкын болуп баратат: 2024-жылы дата борборлор дүйнөлүк электр энергиясынын болжол менен 1,5%ын колдонгон, бул көрсөткүч 2030-жылга чейин эки эсе көбөйүшү мүмкүн. Бир ири маалымат борбору 100 миң үй-бүлөнүн энергиясын колдонууга жетиштүү энергияны талап кылат, бул инфраструктуранын туруктуулугун критикалык мааниге ээ кылат.
Цифрдык суверенитет
Дүйнөлүк өкмөттөр өзүнүн эсептөө кубаттуулугуна жана технологиялык компоненттерине инвестиция салып, цифрдык суверенитетке умтулууда. Бул тармактагы жаңы демилгелер ИИни энергетикалык системаларга теңдештүү стратегиялык ресурс катары карап, анын өнүгүшү боюнча кабыл алынган чечимдер мамлекеттик саясаттын маселелерине айланууда.Отчеттун авторлору: ИИден пайда алуу автоматтык эмес экенин баса белгилешет. Анын коомго тийгизген таасири технологияларга жетүүнүн адилеттүү бөлүштүрүлүшүнө жана жоопкерчиликтүү пайдаланылышына көз каранды. Фрагментация жана теңсиздикти алдын алуу үчүн мамлекеттик структуралар, бизнес, илимий коомчулук жана жарандык уюмдар арасында жакын координация зарыл.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдик: © Unsplash/A. Геранрекаб.