
Кытай рыногу чыгуу Кыргызстан экономикасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт
Казакстандагы Кооперативдердин Улуттук Ассоциациясы жана башка экономикалык коомдор тарабынан акселерация программасынын презентациясы Кыргыз Республикасынын Соода-өнөржай палатасында өттү.
ТППнын маалыматына ылайык, экспорттук коридорлорду активдүү өнүктүрүп жаткан аталган уюм Бишкекте биринчи жолу өз мүмкүнчүлүктөрүн сунуштап, кыргызстандык ишкерлерге Кытайдын эң ири соода тармактарынын бири — China Co-opка кирүү мүмкүнчүлүгүн берди.
Иш-чарада ТППнын өкүлдөрү, Экономика жана соода министрлигинин алдындагы «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун өкүлдөрү, ошондой эле экспортко багытталган агробизнесмендер жана ишкерлер катышты.
Жыйындын негизги жыйынтыгы NACOFECтин Кытайдын Жалпы федерациясы менен стратегиялык өнөктөштүк алкагында сыноодон өткөн механизмдерди Кыргызстанда ишке киргизүү тууралуу жарыя болду. Бул Кыргызстандагы органикалык продукция өндүрүүчүлөрүнө Кытай боюнча 341 миң соода пунктун камтыган тармактын атайын сөрөйлөрүндө орун алууга мүмкүндүк берет.
ТППнын вице-президенти Авазбек Керимбаев Кытай рыногуна чыгуу өлкөнүн экономикасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.
«Кытай рыногу күндөн-күнгө кызыктуу болуп жатат, жана Кыргызстан өз ордун ээлөө үчүн бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Биздин казакстандык кесиптештерибиз Кытайга экспорттоодо чоң тажрыйбага ээ жана өз билимдерин бөлүшүүгө, Кыргыз Республикасында лабораторияларды түзүүгө жардам берүүгө даяр. Кытайга товарларды жеткирүүнү уюштуруу Кыргызстан экономикасынын өсүшүнө маанилүү түрткү болот», — деди ал.
Казыбек Шайх, NACOFECтин президенти, регионалдык интеграциянын маанисин баса белгиледи.
«Биз Кыргызстанга экспорттоонун текшерилген технологиясын алып келдик. Казакстандын тажрыйбасы кичи жана орто өндүрүүчүлөрдү туруктуу экспорттук чынжырларга бириктирүүнүн Кытай рыногундагы ийгиликтин ачкычы экенин көрсөтүп турат. Кыргызстан продукциясы экологиялык жактан таза, жана биздин максат — аны «жашыл коридор» менен камсыздоо, сертификаттаудан баштап China Co-op сөрөйлөрүнө чейин. Бул Борбордук Азияда бирдиктүү органикалык бренд түзүү үчүн биринчи, бирок чечүүчү кадам», — деди Шайх.
Жыйындын катышуучулары текшерилген казакстандык методикаларды колдонуу кыргызстандык бизнеске Кытай рыногуна чыгуу жолун кыскартууга жана экспорт процессинде кеңири таралган катачылыктардан качууга жардам берет деп макулдашышты.
Иш-чаранын соңунда кыргызстандык өндүрүүчүлөрдү эл аралык рыноктордо илгерилетүүгө жана өлкөдөгү кооперативдик, өндүрүштүк, сатуу жана финансылык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган кызматташтык меморандуму кол коюлду.
Сүрөт www