Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталды:
- Нормативдик актыларда материалдык-техникалык базаны жакшыртуу боюнча милдеттер бар болсо да, Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондуна каралган каражаттар өтө натыйжасыз пайдаланылган. 2023-жылы бул максаттарга бардыгы 378,2 миң сом жумшалган, бул жалпы чыгымдардын 1,33%ын гана түзөт, ал эми 2024-жылы – 410 миң сом (0,81%);
- Фонддун бюджетинин негизги бөлүгү кызматкерлерге берилген сыйлыктарга жана социалдык төлөмдөргө жумшалган. Жамааттык келишимге ылайык, майрамдык жана эскерүү даталарына ар кандай сыйлыктар каралган. Аудит учурунда бир айдын ичинде айрым кызматкерлерге бир нече жолу сыйлык төлөнгөн учурлар катталган;
- Бухгалтердик эсеп жана ички контролду жүргүзүүдө бузуулар аныкталды. Негизги каражаттарды 1,5 млн сомго эсептен чыгарууда документтерди түзүү тартиби бузулган, техникалык экспертиза, жок кылуу жана сатуу боюнча зарыл актылар жок болгон;
- Жанар-май материалдарын сатып алуу процессинде КРнын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамынын талаптары бузулган;
- Аймактардагы имараттарды ижарага алуу үчүн бөлүнгөн 1,7 млн сомдук бюджеттик каражаттар натыйжасыз пайдаланылган. Ошол эле учурда мамлекеттик имараттарды акысыз алуу үчүн чаралар көрүлгөн эмес.