Бишкекте мыйзамсыз курулган үйлөр амнистия жөнүндө мыйзамдын алкагында каралат, - мэрия

Евгения Комарова Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Бишкекте мыйзамсыз курулган турак жай объектилери боюнча амнистия мыйзамынын контекстинде маселелер талкууланууда. Бул тууралуу борбордун вице-мэри Азамат Кадыров «Мекенчил» депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

Депутат Эркеайым Сейтказиева амнистиянын алкагында легализациядан өтпөгөн үйлөрдүн дагы бар экенин белгиледи. Алардын кээ бирлери эски жалпы планда белгиленген коргоо зоналарында жайгашкан. Ошондуктан, ал жаңы жалпы план долбоорунда коргоо зоналарын өзгөртүү мүмкүнчүлүктөрү жана укук негиздөөчү документтери жок мындай объектилердин келечеги кандай чечилери боюнча суроо берди.

Азамат Кадыров бул объектилер амнистия мыйзамына ылайык каралып жатканын тактады. Ал ошондой эле, мындай үйлөр жайгашкан жер тилкелери аныкталбаган зоналарга кирерин кошумчалады. «Сиздерге белгилүү болгондой, президенттин буйругу менен атайын комиссия түзүлгөн. Бул объектилерге байланыштуу маселелер жалпы план менен эмес, так ушул амнистия мыйзамы менен жөнгө салынат», - деди ал.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: