Кайрылуусунда алар Кыргызстанда гепатит дельтаны дарылоого арналган инновациялык каражат – булевиртид катталганын, бирок HDVнин диагнозу жана терапиясы азырынча гепатит B боюнча протоколдун алкагында жүргүзүлүп жатканын белгилешет.
ECATтын пикири боюнча, гепатит дельта боюнча өзүнчө клиникалык сунуштардын жана программалык документтердин жоктугу бул оорунун маанисин азайтып, пациенттерге жардам көрсөтүүнү каржылоодо жана пландаштырууда мүмкүнчүлүктөрдү чектейт.
Катта ошондой эле Гемоконтакттык вирусдук гепатиттер жана ВИЧ боюнча Республикалык борбордун маалыматы берилген, ага ылайык, 2025-жылдын 1-сентябрына карата гепатит B менен ооруган 17% пациент (3 120 адам) гепатит дельта менен коинфекциядан жабыркаган.
Ошентип, ECATтын өкүлдөрү Саламаттык сактоо министрлигинен эки негизги сунушту карап чыгууну суранышууда:
- бюджети өзүнчө болгон гепатит дельта боюнча улуттук программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн пациенттердин катышуусунда жумушчу топ түзүү,
- HDV үчүн өзүнчө нозология катары клиникалык сунуштарды иштеп чыгуу жана бекитүү.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдик мүнөзгө ээ: gemotest.ru.