
8-мартта белгиленген Эл аралык аялдар күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү
2-мартта Бишкекте «Мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар: тоскоолдуксуз лидерлик» аттуу пресс-кафе өттү. Иш-чараны эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги уюштурду.
Иш-чаранын катышуучулары мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик структуралардын өкүлдөрү, ЖМК, коомдук уюмдар жана эл аралык өнөктөштөр болду.
Негизги көңүл мүмкүнчүлүгү чектелген аялдардын өлкөнү өнүктүрүүгө кошкон салымына, инклюзивдик саясат маселелерине, ошондой эле мүмкүнчүлүк жана гендер темаларын массалык маалымат каражаттарында туура жана этикалык чагылдырууга бөлүндү.
Мындан тышкары, катышуучуларга ар кандай региондордон келген мүмкүнчүлүгү чектелген аял-лидерлердин шыктандырган окуялары сунушталды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева өз сөзүндө, мүмкүнчүлүгү чектелген аялдардын лидерлиги физикалык жана социалдык тоскоолдуктарды жеңүүдө, ошондой эле эки эселенген дискриминация менен күрөшүүдө жана инклюзияны илгерилетүүдө маанилүү фактор экенин белгиледи.
Ал ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар жана кыздар көп учурда зомбулукка кабылып, социалдык изоляцияга дуушар болуп, кызматтарга чектелген жеткиликтүүлүккө ээ экенин айтты.
Анын пикири боюнча, мамлекеттик саясат алардын уникалдуу муктаждыктарын эске алып, чечим кабыл алуу процессине чыныгы катышуусун камсыз кылышы керек.
Министрлик аялдардын жана кыздардын укуктарын, айрыкча бир нече дискриминация формаларына дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоону активдүү колдойт.
2024-2025-жылдары өлкөнүн бардык региондорунда зомбулукка кабылган мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар жана кыздардын укуктарын коргоо боюнча адвокаттар, прокурорлор, тергөөчүлөр жана социалдык кызматкерлер үчүн семинарлар өткөрүү пландаштырылууда. 400дөн ашык адис окутуудан өтөт.