2025-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кире турган жаңы эрежелерге ылайык, электр унаалары парка кирүүгө уруксат берилген жалгыз транспорт түрү болот. Бардык бензин, дизель жана газ унаалары учурдагы чектөөлөргө кирет.
Кээ бир колдонуучулар паркта мезгил-мезгили менен гибрид унаалары да кездешерин белгилешет. Мындай транспорт каражаттарына ээ болгондор, парка кирүүгө да тыюу салынганын билдиришет.
Посттун комментарийлеринде кээ бир коноктор үчүн исключениялар болушу мүмкүн деген божомолдор айтылууда, бул болсо башка коноктордун нааразычылыгын жаратат.
Парк администрациясынан комментарий
Бул видео пайда болгондон кийин, парк администрациясы түшүндүрмө берди. Расмий билдирүүдө ички кыймылдаткычтары бар унаалардын кирүүсү дагы эле чектелгендиги, ал эми кирүүгө негизги укук электр унааларына гана берилери айтылган.Администрациянын маалыматы боюнча, видеодо тартылган унаалар парктын инфраструктуралык жана чарбалык иштерин жүргүзүү үчүн берилген убактылуу уруксаттар менен парка кирген. Парка курулуш материалдары, мебель жана башка керектүү товарлар ташылып жатат.
Мындан тышкары, убактылуу уруксаттар парктын аймагындагы объектилердин иштешин камсыз кылган кызматтык унааларга да тиешелүү, анын ичинде кофейнялар жана соода пункттары, ошондой эле Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери тарабынан кызматтык максатта колдонулат.
Администрация мындай уруксаттардын убактылуу мүнөзгө ээ экенин жана ички күйүүчү кыймылдаткычтары бар унаалардын массалык кирүүсү мүмкүн эместигин баса белгиледи. Учурдагы иштер аяктагандан кийин кирүү режиминин бардык эрежелерге толук ылайык келери айтылды.