
Интернеттен алынган сүрөт. И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун директору Улан Курманов
Курмановдун айтымында, пилотту даярдоо эки жылдык теориялык билим берүүнү камтыйт, андан кийин эл аралык лицензия алуу үчүн 8ден 12 айга чейин практикалык учуу керек. Ал пилотторду даярдоо учакты башкаруу жөндөмүнөн тышкары, кыйын кырдаалдарда чечим кабыл алуу, диспетчерлер менен өз ара аракеттенүү жана эл аралык коопсуздук стандарттарын билүү жөндөмүн талап кыларын белгиледи.
Курманов ошондой эле социалдык тармактарда «пилотту бир айда даярдоого болот» деген пикирге нааразы болду. Анын пикиринде, мындай билдирүүлөр адамдарды жаңылыштырат жана коомдо керексиз чыңалууну жаратууда. «Пилотту даярдоо менен айдоочуну даярдоо — бул таптакыр башка тармактар, аларды салыштырууга болбойт. Алардын ортосундагы айырма чоң», — деди ал.
Мындан тышкары, ал айдоочуларды даярдоо да жоопкерчиликтүү болушу керектигин кошумчалады, анткени бул жолдогу коопсуздукка түздөн-түз байланыштуу. «Айдоочуларды даярдоодогу жоопкерчилик да жогору болушу керек, анткени алардын билимдерине жолаочулардын жана жол кыймылынын башка катышуучуларынын өмүрү көз каранды», — деп жыйынтыктады Курманов.