





16-февралда Бишкекте «Эне Үйү» («Мамалар үйү») аттуу экинчи ресурс борбору ачылды. Бул борбор кыйын жашоо шарттарында калган аялдар менен балдарды колдоо, ошондой эле социалдык жетимчиликтин алдын алуу максатында түзүлгөн.
Уюмда убактылуу жашоо, психологиялык, юридикалык жана социалдык колдоо көрсөтүү, ошондой эле документтерди калыбына келтирүү жана энелерди жумушка орноштуруу боюнча жардамдар сунушталат.
Борбордун ачылышына Жогорку Кеңештин, Акыйкатчы институтунун, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу болду.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева бул окуянын маанилүүлүгүн белгилеп, бул аялдар жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоо системасын өнүктүрүүдө маанилүү этап экенин айтты.
«Бул окуя аялдар жана кыйын кырдаалда калган үй-бүлөлөр үчүн колдоо системасын түзүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Жаңы борбор ар бир аялга жардам жана өз күчүнө ишенүү мүмкүнчүлүгүн берет», — деп кошумчалады ал.
Проекттин өкүлдөрүнүн айтымында, борбор кризистик учурларда үй-бүлөлөрдү сактоого жана жаңы төрөлгөндөрдөн баш тартуунун алдын алууга көмөктөшөт.
«Нурзаман» коомдук фондунун жетекчиси Кудурет Каарыев бул долбоорду колдоону улантууну пландап жатканын айтып: «Биз жардам берүү үчүн эффективдүү багыттарды издеп жатабыз жана бул долбоорду өлкө боюнча өнүктүрүүнү пландап жатабыз», — деди.
Эне уйу эл аралык фондунун аткаруучу директору Тимур Телеужанов жаңы борбор үй-бүлөлөрдүн жана балдардын келечегине узак мөөнөттүү инвестиция экенин белгиледи.
КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы борбордун ачылышы социалдык жетимчиликтин алдын алууга системалуу кадам экенин белгиледи. «Ар бир эненин үмүтүн сактоо — бул анын баласы үчүн келечекти сактоо», — деди ал.
Жылдыз Таалайбек кызы Жогорку Кеңеш мындай инициативаларды колдоого ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин, борбордогу аялдардын көйгөйлөрүн мониторинг жүргүзүү жана алардын укуктарын коргоо боюнча иш алып барууга даяр экенин кошумчалады.
Ачылыш аземинин соңунда кызыл лента кесилди, андан кийин коноктор борбордун иши менен таанышып, ар кандай иш-чараларга катышышты.