Бишкекте 15-январда фастфуддан уулануу учурлары болуп, анын натыйжасында 17 адам, анын ичинде 4 бала жабыркаган. Бул боюнча, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тамак-аштан уулануунун алдын алуу боюнча сунуштарды даярдады.
Тамак-аштан уулануу — бул токсиндерди же патогендик микроорганизмдер менен булганган тамактарды жегенден кийин пайда болгон курч оорулук.
Тамак-аштан уулануунун алдын алуу боюнча сунуштар
Фастфуд мекемелери үчүн:
- тамактарды даярдоодо санитардык нормаларды жана технологиялык көрсөтмөлөрдү катуу сактоо;
- сапатты көзөмөлдөө программаларынын болушу жана аткарылышы;
- жумушчулардын медициналык текшерүүдөн кийин гана жумушка киришүүсүнө уруксат берүү;
- инфекциялык оорулардын белгилери бар кызматкерлерди жумушка кабыл албоо;
- кызматкерлерди гигиена эрежелери боюнча туруктуу окутуу;
- кубатталган документтери менен сапаттуу чийки затты колдонуу;
- чийки заттарды жана даяр тамактарды бөлөк сактоо;
- сактоо жана даярдоо учурунда температуралык режимдерди сактоо;
- мясо жана жартылай даяр продукцияларды жетиштүү термикалык иштетүү;
- бардык жайларды жана жабдууларды туруктуу тазалоо жана дезинфекциялоо;
- чийки заттар жана даяр тамактар үчүн өзүнчө инвентарды колдонуу;
- колду жуу үчүн туруктуу суу менен камсыз кылуу;
- продукциянын коопсуздугу үчүн ээлеринин жеке жоопкерчилиги.
- таза көрүнүшү жана санитардык нормаларды сактаган коомдук тамактануу жайларын тандоо;
- шектүү же көчмө жайларда тамак сатып алуудан качуу;
- тамактанар алдында, өзгөчө үйдөн тышкары, колду жуууну унутпоо;
- фастфудду балдарга, кош бойлуу аялдарга, кары адамдарга жана хроникалык оорулары бар адамдарга сунуштабоо;
- уулануунун биринчи белгилери пайда болгондо дароо дарыгерге кайрылуу жана өзүн-өзү дарылоо менен алектенбөө.