ОБСЕ Жогорку Кенештин билим берүү борборуна жабдууларды өткөрүп берди

Владислав Вислоцкий Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
ОБСЕ Жогорку Кенештин билим берүү борборуна жабдууларды өткөрүп берди

Келишим кол коюлду


Бишкекте Жогорку Кенештин Аппаратынын жетекчиси Алмасбек Абытов менен ОБСЕнин Программалык офисинин адам өлчөмү боюнча департаментинин жетекчиси Кристофер Блэрдын ортосунда жолугушуу өттү. Бул тууралуу маалымат парламенттин басма сөз кызматы тарабынан берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жогорку Кенеште билим берүү ресурстук борборун түзүү үчүн жабдууларды өткөрүп берүү боюнча келишимге кол коюлду.

Алмасбек Абытов Бишкектеги ОБСЕнин Программалык офисинин көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди.

Ал жаңы жабдуулар эл аралык эксперттер менен онлайн-семинарларды уюштурууга, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана региондордун тургундары менен виртуалдык жолугушууларды өткөрүүгө жардам берерин белгиледи. Бул диалогду, тажрыйба алмашууну жана жарандарды демократиялык процесстерге тартууну кеңейтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Кристофер Блэр билим берүү ресурстук борборунун ачылышы парламент кызматкерлеринин кесиптик жөндөмдөрүн системалуу жакшыртууга жана жарандык коом менен байланыштарды бекемдөөгө көмөктөшөөрүн кошумчалады.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: