Үч күндүн ичинде 6745 ОРВИ жана грипп учурлары катталды. Эпидемиологиялык абал туруктуу бойдон калууда, - Саламаттык сактоо министрлиги
Кыргызстанда ОРВИ жана грипп оорусунун санынын туруктуу төмөндөшү байкалууда, бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымат берди. 8-январда Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов штабдын жыйынын өткөрүп, анда ОРВИ жана гриппке байланыштуу учурдагы маселелер, стационарларга болгон жүк жана оорулуулардын санынын көбөйүшү шартында биринчи деңгээлдин иши талкууланды.