
Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынын сүрөтү
Маалымат кызматынын маалыматына ылайык, кечээ укук коргоо органдары чет өлкөлүк жарандардын иштеши мүмкүн болгон тигүү фабрикаларында жана башка өндүрүш объектилеринде текшерүүлөрдү өткөрүштү.
Рейддин натыйжасында 90 кармалган адам Кыргызстанга бир компания үчүн берилген визалар менен келгендиги аныкталды, бирок фактически башка ишканаларда иштеп жатышкан. Учурда алардын өлкөдөн чыгарылышы боюнча маселе каралууда.
Мындан тышкары, чет өлкөлүк жумушчу күчүн мыйзамсыз пайдалануу учурлары аныкталды. Жумуш берүүчүлөргө Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу боюнча 93-беренеге ылайык протоколдор түзүлүп, 65 миң сом өлчөмүндө айыппулдар салынды.