2023-жылы табиятка зыян келтирген ишмерлер менен байланышкан финансылык агымдардын жалпы көлөмү $7,3 трлн түздү. Бул сумма ичинен $4,9 трлн — коммуналдык кызматтар, энергетика, өнөр жай жана чийки заттарды казып алуу сыяктуу тармактарда топтолгон жеке инвестициялар.
Ошол эле учурда, 2023-жылы табиятты коргоого болгону $220 млрд бөлүнгөн, анын 90% жакыны мамлекеттик булактардан алынган.
ЮНЕП абалды өзгөртүү үчүн табиятты коргоого инвестицияларды кеминде 2,5 эсе көбөйтүү керектигин, жылына $571 млрд жеткирүү зарылдыгын баса белгилейт, бул дүйнөлүк ИДПнын болгону 0,5%ын түзөт.
ЮНЕПтин аткаруучу директору Ингер Андерсен: "Акча агымдарын талдоо бизге турган милдеттин канчалык чоң экенин ачык көрсөтүп турат. Бизде тандоо бар: же табиятты талкалоого инвестиция салуу, же анын калыбына келтирилишин колдоо – бул жерде компромисс мүмкүн эмес", - деди.
Отчет лидерлерге учурдагы тенденцияларды өзгөртүү жана табият менен иштөө, ага каршы эмес, пландарды сунуштайт.Документте жеке жана мамлекеттик капиталдарды кайра багыттоо туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн күчтүү инструмент экендигине көңүл бурулат. Авторлор саясатчыларга жана бизнеске реформаларды этап-этабы менен киргизүүгө жана экономикадагы ар кандай секторлордо экологиялык таза чечимдердин санын көбөйтүүгө жардам бере турган концепцияны сунушташты.
Бул концепция табиятка зыян келтирген субсидиялардан жана инвестициялардан этап-этабы менен баш тартуу стратегиясын, ошондой эле анын корголушун камсыз кылган финансылык салымдарды кеңейтүүнү сунуштайт. Ал мамлекеттик жана жеке компанияларга жеткирүү чынжырынын бардык деңгээлдеринде конкреттүү сунуштарды камтыйт.Отчетто дүйнө жүзү боюнча өкмөттөрдүн жана бизнес өкүлдөрүнүн бул ыкманы ийгиликтүү колдонгондугуна мисалдар келтирилген:
- шаардык мейкиндиктерди жашылдандыруу;
- табигый чечимдерди жолдордун жана энергетиканын инфраструктурасына интеграциялоо;
- терс көмүртек изи бар курулуш материалдарын иштеп чыгуу.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: БУУ / Н. Насир.